Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.02.2019 10:53 На русском

Видео — Москвада кыргызстандык таксист унаага унутулган 1 000 000 рублды ээсине кайтарды

Turmush -  Россиянын Москва шаарында таксист болуп иштеген кыргызстандык жигит өзүнүн ак ниеттүүлүгүн жана чынчылдыгын көрсөтүп, унаага калып калган паспорт жана 1 миллион рубль акчаны ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу «Рен тв» телеканалы билдирди.

Ыраазы болгон жүргүнчү аял Кыргызстандын жараны болгон айдоочунун ата-энесине видео кайрылуу дагы жасаган. Анда жүргүнчү баласына жакшы тарбия берген ата-энеге ыраазычылык билдирип, Россияга конокко чакырды.

«Уулуңузга жакшы тарбия бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Биз унаага паспорт жана 1 миллион рубль акчабызды унутуп калыптырбыз. Уулуңуз баарын кайтарып берди», - деп айтылат видеодо.

Унаага чоң суммадагы акчаны унутуп калган аял Москва шаарына Махачкаладан келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×