Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.02.2019 19:27 На русском

«Оскар» сыйлыгындагы кызыктар сүрөттөрдө. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Turmush -  Бүгүн, 25-февралда АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2018-жылы жарык көргөн мыкты кинотасмаларга жана тартуучу топко «Оскар» сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземи жыйынтыкталды. Бул салтанат өз тарыхында 91-ирет өтүп жатат.

Сыйлыктын жеңүүчүлөрү:

- Экинчи пландагы мыкты актриса — Реджина Кинг, «Эгерде Бил-стрит сүйлөй алганда» тасмасы («Если Бил-стрит могла бы заговорить»);

- Экинчи пландагы мыкты актер — Махершала Али, «Жашыл китеп» («Зеленая книга»);

- Мыкты документалдык тасма — «Жогору карай жалгыз эркин көтөрүлүү» («Свободный подъем в одиночку»);

- Мыкты грим жана чачтарая — «Бийлик» («Власть»)

- Костюмдардын мыкты дизайны — «Кара пантера» («Черная Пантера»);

- Мыкты сүрөтчү-коюучу — «Кара пантера» («Черная Пантера»);

- Мыкты оператордук иш — «Рома»;

- Үндүн мыкты монтажы — «Богем рапсодиясы» («Богемская рапсодия»);

- Чет тилдеги мыкты тасма — «Рома»;

- Мыкты монтаж — «Богем рапсодиясы» («Богемская рапсодия»);

- Мыкты анимациялык тасма — «Жөргөмүш адам:

- Ааламды аралап» («Человек-паук: Через вселенные»);

- Кыска метраждуу мыкты анимациялык тасма — «Бао»;

- Кыска метраждуу мыкты документалдык тасма — «Чекит. Сунуштун соңу» («Точка. Конец предложения»);

- Мыкты визуалдык эффект — «Айдагы адам» («Человек на Луне»);

- Мыкты кыска метраждуу тасма — «Тери» («Кожа»);

- Мыкты сценарий — «Жашыл китеп» («Зеленая книга»);

- Мыкты адаптацияланган фильм — «Кландын кара башчысы» («Черный клановец»);

- Мыкты саундтрек — «Кара пантера» («Черная Пантера»);

- Мыкты ыр — Леди Гага «Өзөн», «Жылдыз төрөлдү» тасмасы (Shallow, «Звезда родилась»;

- Мыкты актер — Рами Малек, «Богем рапсодиясы» («Богемская рапсодия»);

- Мыкты актриса — Оливия Колман, «Фаворитка»;

- Мыкты режиссер — Альфонсо Куарон («Рома»);

- Мыкты тасма — «Жашыл китеп» («Зеленая книга»).

Оскар сыйлыгы жыл сайын АКШнын Кинематография, искусство жана илим академиясы тарабынан ыйгарылат. Ал 1929-жылы негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×