Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.02.2019 19:41 На русском

Россияда үйдүн чатырынан кулаган кыргызстандык киши каза болду

Turmush -  Алексаандровск-Сахалинск шаарында (Россия) 5 кабаттуу үйдүн чатырынан Кыргызстандын 41 жаштагы жараны кулап кетип каза болду. Бул тууралуу «Сахалин-Курилы» россиялык маалымат агенттиги билдирди.

Окуя 21-февраль күнү болгон. Кыргыз жараны турак жайдын чатырын оңдоп жаткан учурда кулап кетип, оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде көз жумган. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Мындан тышкары, чатырды оңдоо буйругун маркумга ким бергендиги аныкталат. Териштирүүнүн жыйынтыгында коопсуздукту сактоо эрежелерин бузуу боюнча жооптуу адамдарга юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×