Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.02.2019 09:25

Москвадагы кыргызстандыктар эне тилди даңазалашты (сүрөт)

Turmush -  Москва шаарында Эл аралык эне тил күнү белгиленип, иш-чарага кыргыз диаспорасынын активисттери жана мекендештер катышты, деп билдирди кабарчы.

Иш-чаранын жүрүшүндө активист мекендештерге «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгиси жана ардак грамоталары тапшырылды. Бул иш-чараны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, «Кыргыз тили» коомунун өкүлчүлүгү жана «Кыргыз биримдиги» коому биргеликте уюштурган.

Анын жүрүшүндө таланттуу жигиттер «Семетей» эпосун театралдаштырып, «Манас» эпосунан үзүндү айтып, бийлеп, комуз чертип, эне тилди даңазалап, чоң концерт тартуулашты. Иш-чаранын катышуучулары сөз сүйлөп, каалоо айтышты. Москвадагы «Кыргыз тили» коомунун өкүлү Багыт Бапановго президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси ыйгарылды.

2016-жылы республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов Москва шаарында коомдун өкүлчүлүгүн ачкан. Өкүлчүлүк дайыма маданий иш-чараларды өткөрүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×