Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.02.2019 17:47 На русском

Казакстандагы мончодо интим кызмат көрсөткөндөр кармалды. Арасында кыргызстандык кыз да бар

Turmush -  Казакстандын Жанаөзен темир жол бекетиндеги мончодон интим кызматын көрсөтүп келген жеңил ойлуу жети кыз кармалганын Манигстауск облусунун басма сөз кызматы билдирди. Алардын бири Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

Ага Казакстанга кирүүгө 5 жылга тыюу салынып, өлкөнүн аймагынан чыгарылды. Кармалгандардын алтоо Өзбекстандын жарандары экени такталган. Алар 1 айга Жанаөзендин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына киргизилди. Ошондой эле мекеменин администраторуна Административдик укук бузуу кодексинин 492-беренесине ылайык административдик протокол түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×