Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.02.2019 15:51 На русском

Россияда Кыргызстандын жараны 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Россиянын Ленинград облусунда Кыргызстандын жараны балдар үйүндө тарбияланып жаткан кызды зордуктоого шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазышты.

Өткөн жума күнү акыл-эсинен жабыркаган кызды атасына кайтарып беришкен.

Ал эми 25-февраль күнү шектүү адам камакка алынган. Алдын ала жоромолдорго караганда, кылмышка шектүү адам 22-февраль күнү саат 01:00 чамасында Киров районунда жайгашкан Чыгыш-6 бакчасында 14 жаштагы кызды мазактаган.

Камакка алынган 28 жаштагы шектүү адам расмий түрдө эч жерде иштебейт жана Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорту бар.

Аталган кылмыш иши боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүмүнө (жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×