Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.02.2019 17:14 На русском

Сауд Арабиядагы Сamel Fest: 1,5 миңден ашык кыргызстандыктар көчмөн маданиятын тааныштырат

Turmush -  Миңден ашык кыргызстандыктар Сауд Арабияда өтө турган эл аралык Сamel Fest этнофестивалынын алкагында көчмөндөр маданиятын көрсөткөнү барышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-февраль күнү Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын президенти Асхат Акибаев билдирди.

Анын айтымында, Сamel Fest этнофестивалы жыл сайын өтүп турат.

«Кыргызстан үчүн 15 гектар жер бөлүнүп берилди. Оюндар үчүн атайын ипподром, өзүнчө аянтчалар стадиондор курулат. Кыргызстандан 1,5 миңден ашык адам барат. Бир гана Бишкектен 30 жамаат, башка аймактардан да катышуучулар барышат. Цирк, театр жана опера балет театрынын артисттери катышкан бул фестиваль кыргызстандыктар үчүн көлөмдүү иш-чара болмокчу», - деди ал.

Фестивалга 90 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Конокторго ыр-бийлер, концерттик номурлар, каскадерлордун трюктары, салбурун, көк бөрү, улуттук оюндар көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамаат менен Кыргызстандан аттар, алгыр куштар, иттер жиберилет. Катышуучулар Сауд Арабияга топ-топ болуп жөнөтүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын илимий бөлүгү боюнча жетекчиси Канат Мамбеталиевдин айтымында, Кыргызстан тараптан фестиваль үчүн 2 оюн даярдалып жатат.

«Төөлөр менен тайгандардын арасында сулуулук сынагы өткөрүлөт. Азыр биз дагы ушул сыяктуу сынактарды өткөрүүнү ойлонуп жатабыз. Учурда уюштуруу иштери менен алектенип жатабыз», - деди ал.

К.Мамбеталиев Кыргызстан катышкан Сamel Fest көчмөндөр ааламы маанилүү орунга ээ экендигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×