Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.02.2019 17:53

Самарбек Сабыржан уулу Америкадагы жиу-житсу боюнча турнирде алтын жана күмүш тагынды

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Самарбек Сабыржан уулу Америкадагы жиу-житсу боюнча турнирдин жеңүүчүсү болду. San Diego International Open 2019 турнири 24-февраль күнү Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында өттү.

Самарбек 64 кг салмакка чейинки спортчулар арасында күч сынашты. Ал Gi тартиби боюнча мелдеште (кимоно менен) америкалык Мигель Окапанды жеңип, алтын медаль тагынды. Ал эми No Gi (кимоносуз) тартибинде күмүш медаль утуп алды. Кыргызстандык спортчу финалда америкалык Майкл Иглден утулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×