Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 27.02.2019 11:31

Тараздагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, адам өмүрү кыйылды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 27-февралда Казакстандагы Жамбыл облусунун Тараз шаарындагы 5-кабаттуу үйдө жарылуу болду, деп маалымдайт Zakon.kz басылмасы.

«Таңкы саат 6:21 чамасында 9-кичи райондогу үйдө жарылуу болгону тууралуу маалымат түштү. Бул үйдө жалпысынан 90 батир бар. 300 адам №14 мектептин имаратына көчүрүлдү. Кырсык болгон жерде тез жардам кызматы, психологдор иштеп, тынымсыз байланыш жүрүп жатат», - деди облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз катчысы Сауле Мунатаева.

Жамбыл облусунун өзгөчө кырдаалдар департаменитинин алдын ала айтылган маалыматы боюнча, газ жарылганда 3 каза болуп, 6 адам жабыркады. Анын ичинен 14 жаштагы өспүрүм балага операция жасалып жатат.

Тиешелүү адистер окуянын чоо-жайын тактап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×