Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 27.02.2019 11:47

WhatsApp'та жаңы чектөө пайда болду

Turmush -  WhatsApp мессенжеринин негиздөөчүлөрү тиркеме аркылуу ушак таратып, дүрбөлөң жараткандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул багытта жаңы чектөө ишке кирет.

«Эми кайсы бир колдонуучуну анын макулдугу жок тайпага кошууга тыюу салынат», - деп билдирди RG Didital басылмасы.

Жаңы опция тиркеменин тууралоосунда (настройки) пайда болот жана телефонго сакталган абоненттердин ичинен тайпага колдонуучуларды кимдер кошо ала тургандыгын белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Колдонуучу тайпага кошулуу тууралуу сунуш келгенде аны кабыл алып же баш тартып койсо болот. Өзгөрүүлөрдү алгачкылардан болуп Android үчүн ылайыкталган WhatsApp колдонуучулары байкай алат. Кийинчерээк аны iOS программалык камсыздоо үчүн ылайыкташтырышат.

Индия мамлекетинде WhatsApp аркылуу таркатылган уурдалган балдар жөнүндө ушактар өз алдынча жазалоо аракеттерине алып келген. Өлкөнүн бир нече штаттарында мессенжер аркылуу сүрөттөрү тараган «кылмышкерлерди» көргөн адамдар аларга кол салышкан. Анын кесепетинен бир нече бейкүнөө адамдар майып болуп, айрымдары көз жумушкан. Мындай окуялардан кийин Индиянын өкмөтү WhatsApp тиркемесинин жетекчилигине кайрылып, жалган маалыматтарды тараткандарга каршы чара көрүүнү талап кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×