Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 27.02.2019 18:06 На русском

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин отставкага кетишин талап кылгандарды полиция кармап кетти. Видео

Turmush -  Бүгүн, 27-февраль күнү Казакстандын полициясы Алмата шаарында «Нур Отан» президенттик партиясынын кеңсесинин алдына чогулгандарды кызматтык кичи автобустарга салып, белгисиз жакка алып кетишти. Бул тууралуу Азаттык радиосунун казак кызматы билдирди.

«Митингге чыккандарды камоо президент Нурсултан Назарбаевдин отставкага кетүүсү жөнүндө талаптар айтыла баштагандан кийин башталды. Чогулгандардын алдына келген прокуратуранын өкүлү митинг мыйзамсыз өтүп жаткандыгын айтып, партиянын кабылдамасына барууну талап кылган. Чогулган эл талапты аткаруудан баш тарткандан кийин, полиция тарабынан массалык түрдө камоолор башталган», - деп айтылат билдирүүдө.

Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында жаштар жана улуу муун да бар. Азырынча полиция камоонун себептерин түшүндүрө элек.

vlast.kz басылмасынын маалыматына караганда, бүгүн, 27-февраль күнү Астана шаарында «Нур Отан» партиясынын XVIII съезди өтүп жатат. Ал эми партиянын Алматадагы филиалынын алдына 40-50 киши чогулган. Имараттын алдында укук коргоо кызматкерлери турушкан. Алардын бири өлкөнүн эң чоң партиясынын съезди болуп жатканына байланыштуу эл филиалдын алдына чогулганын, эч нерсе болбогонун айткан.

«Эл эркин, жакшы жашагысы келет. Адамдар келечекти каалашат, бирок биздин келечегибиз жок», - деди Vlast.kz басылмасынын кабарчысына өзүн Сагидулла деп тааныштырган карыя.

«Акимден эмне үчүн элди кууп жатышканын сурадык (Бир нече күбөлөр саат 11:00-11:15 чамасында полиция кызматкерлери бир нече кишини, анын ичинде карыган кемпирди кармап кетишкенин айтышкан). Алар өз каалоосун айткысы келип жатат. Бул туура эмес, адилетсиздик. Эркиндик жок, эч нерсе жок», - деди митингге чыккан дагы бир адам.

Кийинчерээк Алмалы районунун акими Беккали Торгаев интервью бергенге макул болуп, өзүнүн көз карашын билдирген. Ал бардык маселелерди талкуулоо үчүн элди партиянын коомдук кабылдамасына чакырганын айтты.

«Мен алардын бардык суроолорун угууга даяр болчумун. Бул жер «Нур Отан» партиясынын коомдук кабылдамасы. Ал дайыма иштейт, «Нур Отан» бардык суроолор боюнча кабыл алат. Азыркы болуп жаткан окуялар уруксат берилбеген митинг, мыйзамсыз аракеттер болуп саналат. Ошондуктан баары мыйзам чегинде болуш үчүн, мынакей — «Нур Отандын» коомдук кабылдамасы. Мен канча жолу киргиле деп, бардык маселелерди талкуулап, угуп, диалог түзүүнү сунуштыдым, бирок… Аким катары жана «Нур Отандын» райондук филиалынын өкүлү катары аларды угууга даяр болчумун. Эгер алар чогулса, эмнеге чогулду? «Нур Отанга» келиштиби? Алар кирбей жатышат. Демек, алардын башка максаты бар. Алар жөн гана… Популизм же эмне? Билбейм», - деди Б.Торгаев.

Астана шаарында Эркиндик сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон жарандарды дагы полиция кармап кетти. Аларды автобуска салышып, болжол менен Алмалы районунун полиция башкармалыгына алып кетишкенин Азаттык радиосунун казак кызматы билдирди.

Окуя болгон жерде жүргөн «Настоящее Время» кызматынын кабарчысы Светлана Глушакова Фейсбук социалдык тармагынан түз алып берүүдө Астанада чогулгандардын колунда кандайдыр бир транспаранттар болбогондугун, алар эч кандай талаптарды айтышпагандыгын белгиледи.

Камоолор Эркиндик аянтында, президент Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы алдында «Нур Отан» партиясынын съезди өтүп жаткан Эркиндик сарайынын жанында болгон. Аталган съезд партиянын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналган.

Ага чейин полиция «Нур Отан» партиясынын борбордук кеңсесинин аймагында бир нече кишини кармап кеткен. Алматада жумуш орундарын түзүүнү жана жарандардын жашоосун жакшыртууну талап кылып, партиянын кеңсесинин алдына чыккандар таркатылган.

Камоолорду Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу Фейсбукка жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×