Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 01.03.2019 10:07 Жаңыланды: 01.03.2019 14:46 На русском

Учактан качып, поезд менен жер кыдырган Түндүк Кореянын лидерлери (сүрөт)

Turmush -  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Вьетнамдын борбору болгон Ханой шаарына АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн барды. Ал поезд менен жетти, деп маалымдайт Би-би-си.

Поезд менен иш сапарга баруу ыкмасын Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сен да пайдаланганы маалым. Тактап айтканда, ал Вьетнам жана Чыгыш Европага поезд менен барган болчу. Анын уулу Ким Чен Ир дагы учак менен учуудан корккондуктан поезд менен жүргөн.

Ал эми учурда Ким Чен Ынга тиешелүү 21 вагон толугу менен брондолгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, Түндүк Корея Республикасынын негиздөөчүсү Ким Ир Сен өзүнө тиешелүү поездде жалпы 368 миң км жолду басып өткөн. Анын ичинен 216 миң км чет өлкөлөргө болгон иш сапарларга тиешелүү.

Ким Ир Сендин негизги вагону жогорку советтик жетекчилерди кабыл алуу үчүн жасалгаланса, анын уулунда салыштырмалуу заманбап кеңсе — спутник телефон жана башкалар болгон.

Ким Чен Ир 2011-жылы иш бөлмөсү катары пайдаланып келген вагонунда көз жумган. Ал ошол учурда өлкөнүн аймагында кезектеги иш сапарда болчу.

Булактардын маалыматына таянган Guardian басылмасынын журналисттеринин маалыматы боюнча, Ким Чен Ирге тиешелүү жасалгаланган 6 поезди болгон. Аларда кабыл алуучу бөлмө, конференциялар өтүүчү залдар болуп, жогорку технологиялык каражаттар менен жабдылган.

Түндүк Кореянын экс-лидеринин брондолгон оор поезди 60 км/саат ылдамдыктан ашык жүрө албагандыктан, аны коопсуздук талаптарына ылайык эки жагынан дагы 2 поезд коштоп жүргөн.

Биринчиси темир жолду текшерүү үчүн алдыда жүрсө, экинчиси артынан жансакчыларды жана жөөкөрлөрдү алып жүрчү. Поезд кайсы бир станцияга жакындаганда жанындагы темир жолдон эч ким өтпөш үчүн анын электр булагы өчүрүлгөн.

Ким Чен Ирдын поездинин ичиндеги тиричиликти Россиянын Ыраакы Чыгыш федералдык округундагы президенттин мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Константин Пуликовский өзүнүн «Чыгыш экспресси» («Восточный экспресс») деген китебинде баяндап берген. Ал КЭДР лидерин 2001-жылы Россияга болгон сапарында коштоп жүргөн. К.Пуликовский Парижден алынып келген кымбат винолор (дарыгерлер Ким Чен Ирга бургун жана бордо винолорун сунуштаган имиш), тирүү лобстер жана башка тамак-аштар жөнүндө жазган. Анын айтымында, орус, кытай, корей, япон жана француз ашканаларынын түрдүү тамактарына буйрутма берүүгө мүмкүн болгон. Буюмдар, анын ичинде тамак-аш үчүн колдонулган таякчалар күмүштөн жасалган.

Түндүк кореялык лидерлердин поезддери брондолгон делгени менен, анын негизги — кызматтык жана үй катары колдонулган вагондору гана брондолгонун ТАСС басылмасы жазган. Кыязы, учурдагы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын атасына тиешелүү поезддердин бири менен чет элдик сапарларын жасап жатат көрүнөт. Ата-баланын поезддеринин көрүнүшүндөгү жалгыз айырмачылык — бул, номур белгилери. Ким Чен Ирдын убагында поездде DF0001 деген жазуу болсо, азыр ал DF0002 деген жазууга өзгөргөн.

Ким Чен Ындын жакында эле Кытайга болгон сапарында Түндүк Кореянын телеберүүсү поезддин ичиндеги жасалгаларды көрсөттү. Анда ак дубалдарды, пил сөөгүнүн өңүндөгү пардаларды, ачык кызгылт түстөгү дивандарды жана плазмалуу мониторлорду көрүүгө болот. Вагондордун биринде мамлекет башчынын «Mercedes Benz» үлгүсүндөгү брондолгон унаасы дагы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×