Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 02.03.2019 16:01

Канат Сыдыков бильярд боюнча дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Канат Сыдыков бильярд спортунун айкалышкан пирамида түрү боюнча дүйнө биринчилигинин коло медалын тагынды.

Биринчилик бул күндөрү Россиянын Ханты-Мансийск шаарында өтүп жатат.

К.Сыдыков 4 ирет россиялык спортчуларды жеңип, мелдештин жарым финалына чейин жеткен. Бирок жарым финалдык беттеште дагы бир Россиянын спортчусу Иосиф Абрамов менен ойноп, 6:3 эсебинде жеңилип калган.

Анын жыйынтыгында К.Сыдыков дүйнө биринчилигинин коло медалын тагынып, 3-орунга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×