Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 02.03.2019 16:08

Дастан Лепшаков — бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Дастан Лепшаков бильярд спортунун айкалышкан пирамида түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынды. Биринчилик бул күндөрү Россиянын Ханты-Мансийск шаарында өтүп жатат.

Дастан мелдештин 1/32 финалдык баскычында россиялык Тохир Акрамовду жеңип, 1/16 финалдык баскычта казакстандык Арби Муциевди утуп алган. Андан кийин молдовалык Владимир Рейсти жана өзбекстандык Шахзод Мамировду жеңип, мелдештин жарым финалына чейин жеткен. Бирок жарым финалда молдовалык спортчу Сергей Кржановскийге жеңилип, дүйнөлүк биринчиликтин коло медалын тагынды.

Беттеш 6:5 эсебинде жыйынтыкталды.

Дастан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×