Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 02.03.2019 20:11 На русском

Улуу Британиянын ханышасы көгөргөн колу менен конок тосту (видео)

Turmush -  Улуу Британиянын жарандары өздөрүнүн ханышасы Елизавета IIнин колундагы кызгылт көк такты көргөндөн кийин тынчсыздана баштаганын The Sun гезити жазып чыкты.

Елизавета II Иорданиянын падышасы Абдалла II жана анын жубайы Ранияны расмий түрдө кабыл алып, чогуу сүрөткө түшүп жаткан кезде колунда так бар экени байкалып калган. Анын колунун өңү оорунун кесепетинен өзгөргөн болушу мүмкүн.

«Ханыша колун жарадар кылып алгандай. Ал бат айыгат деп үмүттөнөм», - деп жазган социалдык тармактын колдонуучусу.

Буга чейин ханыша Елизавета II фотографтарды атка минип таң калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×