Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 03.03.2019 10:25 На русском

Видео: Жаш жигит тажикстандык кызды унаанын багажына салып келип, сабап салган

Turmush -  Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы милиция кызматкерлери жаш кызды ур-токмокко алган жигитти кармашты. Окуя 1-мартта шаардын борборунда болгон.

Фейсбуктагы «Биз тажикстандыктарбыз!» тайпасы жарыялаган маалымат боюнча, кармалган жигит Дүшөмбү шаарынын жашоочусу. Ага карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Шектүү 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Социалдык тармакка жарыяланган видеодон топ жигиттердин арасындагы адам кызды унаанын багажынан алып чыгып, сабап, кайра унаага салганын көрүүгө болот. Кыз кыйкырып, ыйлап жардам сураган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×