Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.03.2019 10:15 На русском

Н.Назарбаев кыргыз-казак чек ара режими жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстан өкмөтүнүн жана Кыргызстан өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик казак-кыргыз чек арасынын иштөө тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 2-март күнү Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууда мамлекеттик казак-кыргыз чек арасынын иштөө тартибин белгилөө каралган. Ал эми мамлекеттик чек аранын иштөө тартиби өзүнө чек аранын аймагында каралган эрежелерди жана мамлекеттик чек араны кармоо шарттарын камтыйт. Ошондой эле жарандарды, транспорт каражаттарын, жүк жана башка мүлктөрдү өткөрүү, мамлекеттик чек аранын үстүнөн учууларды жүргүзүү, чек арада жана ага жакын аймактарда, анын ичинде чек арага караган суулардын чегинде чарба иштерин жүргүзүү, аларды колдонуу жана башка ишмердүүлүктөрдү кылуу, чек арадагы жаңжалдарды чечүү тартиптери бекитилген. Аталган макулдашуу мөөнөтсүз болуп саналат. Ал бир тараптын дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашуунун иштешин токтотуу тууралуу каалоосун жазуу түрүндө экинчи тарапты эскерткенге чейин иштейт. Бул учурда документ 3 ай өткөндөн кийин күчүн жоготот. Эгерде чек арада жаңжал чыкса, 2 мамлекеттин чек ара кызматынын өкүлдөрү бир тараптуу же биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүшөт. Бири-бири менен маалыматтар менен бөлүшүп, алардын жыйынтыктарын баалашат жана чогуу чечим чыгарышат. Ошондой эле тараптар жаңжалдардын себептерин жана кесепеттерин бирге жоюп, күнөөлүү деп табылган адамдарды жоопко тартып, мамлекеттик чек аранын иштөө тартибин калыбына келтирүү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×