Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.03.2019 11:14

Кыргыз желеги тагылган унаалар Стамбулду кыдырды (видео, сүрөт)

Turmush -  Түркиянын Стамбул шаарында эмгектенип жана билим алып жүргөн кыргызстандыктар Мамлекеттик желек күнүн белгилешти. Бул күндүн урматына Кыргыз Республикасынын желеги илинген унаалардын кортежи менен шаарды кыдырып чыгышты.

Ошондой эле майрамдык дасторкон дагы уюштурулган.

Желек (3)

Желек (1)

Желек (2)

3-март — Желек күнүнө карата Кыргызстандын борборунда жана аймактарында салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Жогорку Советтин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Эртеси, 4-мартта желек Өкмөт үйүнүн үстүнө салтанат менен орнотулган.

Желек

Авторлору: Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев.
Желек
желек
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл түстө. Ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн.

Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурдуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Желектин кызыл түсү — эрдиктин жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн — бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үйдөгү куттун символу. Аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур — байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Желек

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×