Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.03.2019 17:12

«Ышкырып, тамакка жулунуп жатышат»: Сауд Арабияда этнофестивалга катыша турган кыргызстандыктар сынга кабылды

Turmush -  Сауд Арабияда боло турган «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына Кыргызстандын атынан катышуу үчүн баргандардын өзүн алып жүрүү тартиби сынга кабылды.

Бегимай Жаныбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу аталган фестивалга Кыргызстандын намысын коргоо үчүн барган жердештеринин жүрүм-туруму жөнүндө социалдык тармактагы баракчасына сын-пикир калтырган. Ал ак калпак кийип отурган жигиттердин жылаңайлак буттарын отургучка чыгарып алган сүрөтүн жарыялады.

«Кыргызстандын маданият өкүлдөрү башка мамлекетте жүргөндө дагы маданияттуу болууну унутпай жүрүшсө жакшы болмок! Алар өлкөнүн жана улуттун жүзү экенин эстен чыгарбашы керек. Сүрөттөгү өздөрүн патриотмун деп эсептеген жигиттер күнүгө ак калпак кийип жүрүшөт. Бул албетте, мактанаарлык, бирок бул жакта өздөрүн алып жүрүшкөнү кандай — өтө начар», - деп жазган Бегимай.

Анын айтымында, Кыргызстандан барган алгачкы топту — 500 кишини, борбордон алыс эмес мейманканага жайгаштырышкан жана ал жакта столго тамак-аш жайышкан. Бирок айрым коноктордун жүрүм-туруму канааттандырарлык эмес.

«Топтошкондор, сөздүн түз маанисинде, тамакка жулунуп, түртүшүп, айрыкча мырзалар идишке толтура тамак салып алышып, бир нече куту суусундуктарды өздөрүнүн бөлмөсүнө көтөрүп кетишет. Калгандары жөн гана ачка калып жатышат. Кыжырды келтиргени, алар анын баарын жеп бүтүрүшпөйт. Өздөрүнүн столуна таштап кетип калышат. Кээ бирлери эрте келишет. Эгерде кызматкерлер дасторкон жая элек болсо, аларды шаштырып ышкырып, кыйкырып башташат», - деди ал.

Айрымдар билдирүү калтырган кызга кошулуп, анын билдирүүсүнүн алдына өздөрүнүн нааразычылыктарын жазышса, айрымдары аны бир сүрөт үчүн жердештерин айыптап жатканын сынга алышты.

«Көчмөндөр ааламы» фестивалында биздин мамлекеттин атынан 1 500 кыргызстандык катышат. 28-февраль күнү алар менен бирге 110 ат, 60тай бүркүт, ителги жана тайган, ошондой эле 15 топоз жеткирилген. Фестиваль 9-мартта башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×