Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 06.03.2019 08:17

Жеңил атлетчи Ева Кадырова эл аралык турнирден алтын медаль алып келди

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Ева Кадырова жеңил атлетика боюнча өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды. Турнир 1-3-март күндөрү Белоруссиянын Минск шаарында өткөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке Белоруссия, Латвия, Израиль жана Кыргызстандан жалпы 600дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Ева Кадырова 60 метрге чуркап, бул аралыкты 7, 65 секундда чуркап өтүп, 18 спортчунун арасынан 1-орунду алды.

«Ева Кадырова көрсөткөн жыйынтык мелдештин рекорду болду. Ошондой эле ал турнирдин мыкты спортчусу аталды», - деп айтылат маалыматта.

Ева КадыроваЕва Кадырова1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×