Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 08.03.2019 10:24 На русском

Н.Назарбаев кыргыз кызы жөнүндөгү тасма тууралуу: Казакстандыктар башка өлкөлөрдө жалданып иштешкен жок

Turmush -  Кечээ, 7-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Айка» тасмасында кыргызстандык мигрант кыздын ролун жараткан Самал Еслямованы мактады. Бул тууралуу Zakon.kz кабарлады.

«Самал Еслямова мыкты ролу үчүн байге алып, Казакстанды абдан жакшы пропагандалады. Эң башкысы — эмигранттардын чет жактагы абалын көрсөтүп берди. Кудайга шүгүр, мен 27 жылдан бери айтып келе жатам — эгемендиктин 27 жылында казакстандыктар башка өлкөлөрдө жалданып иштешкен жок. Бул адамдардын жашоосун чоң искусство жана талант менен мыкты көрсөтүп берди. Жаңы чыгармаларды күтөбүз», - деди ал.

«Айка» тасмасын Казакстанда чоңойгон россиялык режиссер Сергей Дворецкий тарткан. Картина 7 жыл тартылып, экранга 2018-жылы чыккан. Анда Еслямова кыргызстандык эмигрант кыздын ролун аткарган. Ал каарман Москвада иштеп жүрүп бала төрөп, аны төрөт үйүнө таштап кетет. Актриса бул ролу үчүн 2018-жылы Канн кинофестивалында байге утуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×