Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.03.2019 20:27 На русском

Түркиядагы унаа кырсыктын кесепетинен аскерде жүргөн кыргыз жигит каза болду (сүрөт)

Turmush -  23-мартта Түркиядагы унаа кырсыктан түркиялык 23 жаштагы кыргыз жигит каза болду. Бул тууралуу Түркиянын тургуну Мошал Гүвен билдирди.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы капрал (сержант) Өмер Улутүрк 6 айдан бери аскердик кызмат өтөп жаткан. Аны акыркы сапарга узатууга бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Түркиялык ЖМКнын маалыматына караганда, унаа кырсык Мардин провинциясындагы Кызылтепе районунда ишембиден жекшембиге караган түнү болгон. Өмер Улутүрк Йозгат провинциясында жерге берилди. Түркиянын вице-президенти Фуат Октай маркумдун Йозгат провинциясынын Йенифакылы аймагындагы ата-энесинин үйүнө барды. Андан кийин Фуат Октай, Йозгат провинциясынын губернаторунун орун басары Йозгат Шукру Чакыр, шаардын мэри Йялчын Карадавут, райондун жетекчиси Эмре Зейрек баш болгон чиновниктердин, жергиликтүүлөрдүн катышуусунда маркум үчүн куран окулду. Алар Өмер Улутүрктүн атасы Абдулвахаб менен апасы Ханиме Улутүрккө көңүл айтышты.

Акыркы сапарга узатууга катышкан этникалык кыргыздардын бири райондун жетекчилигине боз үйлөрдү тигүүгө, жылкыларды алып келүүгө көрсөткөн жардамы менен ыраазычылык билдирди.

Этникалык кыргыздар Түркиянын Ван провинциясына 36 жыл мурда барышкан. Алар мурда Афганистандын Памиринде жашап келишкен. 2018-жылы 50гө жакын үй-бүлө Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү Йозгат провинциясынын Йенифакылы районуна көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×