Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуМанас району 22.04.2019 10:38 Жаңыланды: 22.04.2019 18:24 На русском

Түндө үйүнө кирип барып, 13 жаштагы кызды зордуктаган: Кошунанын кылмышы

Turmush -  2019-жылдын 1-январында Манас районунун Покровка айылында 13 жаштагы И.А. аттуу кызды зордуктоого шектелген 20 жаштагы кошунасы 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү саат 03:00 чамасында 13 жаштагы И.А.ны 1999-жылы туулган С.Я. аттуу жигит (кошунасы) үйүнө кирип келип, күч колдонуп зордуктап салган. Ал күнү жабырлануучунун ата-энеси конокко кетип, кыз үйдө жалгыз болгон. Ал эми зордуктады деген жигит мас абалда болгондугун билдирген.

2019-жылдын 9-апрелинде Манас райондук сотунун өкүмү менен С.Я. Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү менен (зордуктоо) 12 жыл 6 ай эркинен ажыратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×