Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 04.09.2019 12:07

«Кытайлык киши билбесин деп...»: Россияга тил билбей барып, Уссурийскте үй курган Алишердин окуясы

Turmush -  Нооман уулу Алишер Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылында 1990-жылы төрөлгөн. Ал мындан 13 жыл мурун Россияга эмгектенүү үчүн сапар алган. Мекендешибиз тил билбегендин азабын тартып, алгачкы жылдары көп кыйналгандыгын айтат.

Алишер учурда Владивостоктогу кыргыз диаспорасын жетектеп, ата-энеси жашаган Уссурийск шаарында үй куруп жатат.

Ааламга кеткен жол айылдан башталды

- 2006-жылы Уссурийск шаарына баргам. Андан кийин 2009-жылы Владивосток шаарына келип, иштеп калдым. 2015-жылы кайра Уссурийск шаарына барып, өзүм жеке кафе ачып, аны «Ош» деп атадым. Бирок ал ишим жакшы болбой койду. Акыры жапканга туура келди. Кайра жер которуп, Хабаровск шаарына бардым. Ал жакта 2017-жылга чейин эмгектенип, кайрадан Владивосток шаарына кайтып келип, эмгектенип калдым.

Жасабаган иш калган жок

- Алгачкы күндөрдү азыр эстесем ар кандай ойлор келет. Баарына шүгүр кылам. Анда мен орусча таптакыр билчү эмесмин. Тилден аябай кыйналдым. Бир окуя эске келет. Кытайлык киши бар эле. Анын колуна сатуучу болуп бардым. Ага мен орусча билем деп айткам. Антпесе каяктагы жумуш? Жергиликтүү тургундар келип, мен билбеген сөздөрдү айтса, тиги кытай мени орусча билбейт экен дебесин деп шарт эле «ал бизде жок» дечүмүн.

Негизи ата-энем Уссурийск шаарында иштейт. Мен алардын колуна келип калганым үчүн көп кыйналган жокмун. Бирок мен жасабаган иш калган жок. Сатуучу, айдоочу болдум. Азыр шүгүр, туруктуу жумушумду таап алдым.

Өз үйүбүздү куруп жатабыз

- Учурда Владивосток шаарында кыргыз диаспорасынын жетекчисимин. Бул жерге кыргыз элиме колдон келген жардамды берүү үчүн келдим. Элдин дагы ишеними чоң, жоопкерчилик менен кабыл алдым. Алар мага ишенип тапшырышты. Мындан сырткары күзөт агенттигинде 1 айда 8 сутка иштейм. Андан сырткары сезон сайын Кыргызстандан жашылча-жемиш алдырып, бул жактан сатам.

Башка өлкөдө жүргөнүң аз келгенсип, батирлеп көчүп-конгонуң да жанга батып кетет. Азыр ал маселени да четинен чечип жатам. Ата-энем иштеп жүргөн Уссурийск шаарында үй куруп баштагам. Үйдү куруп бүтсөм, чоң той берем деген аруу тилегим бар.

Мен көп эс албайм

- Бош убактымды үй-бүлөмө бөлүүгө аракет кылам. Бирок жумуш көп. Күн сайын балдарым: «Ата, сизде качан эс алуу болот?» деп сурашат. Алар үчүн менин эс алган күнүм майрам.

Келечекке максаттарым көп. Владивосток шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияларды сатуу үчүн бир жакшы базар курсак деген ой бар. Кудайым буюрса бул тилегибиз да ишке ашат деп, болгон аракетимди жасап жатам.

Алыста туруп, Кыргызстанымды ойлогондо...

- Кыргызстанга болгон сүйүүм күчтүү. Мекениме эч кандай салым кошо албаганым үчүн өкүнөм. Эң өкүнүчтүүсү — өз уул, кыздарым кыргыз тилин билишпейт. Үйдөн кыргызча сүйлөтүп аракет кылабыз. Бирок мен ойлогондой эмес. Бизге окшошкон үй-бүлө өтө көп. Ушундай көрүнүштөр мени кыйнап келет.

Өзүм тууралуу...

- Абдаким Бекташов атындагы мектепте 10-класска чейин окугам. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Мен ортончусу болом. Менден улуу 2 агам, менден кийин 2 карындашым бар. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 1 уул жана 2 кызым бар. Кудайым буюрса дагы бир уул күтүп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×