Turmush — Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 70 жаштагы тургуну Рысбүбү Сарчаева куржундарды тигип жатат. Аймактык кабарчы чебер ападан кабар алды.
Анын айтымында, кол өнөрчүлүк менен мектепти аяктагандан бери эле алектенип келе жатат. Туш кийиз, кийиздерди көп жасаган.
«Учурда куржунду жандандырып жатам. Бул эзелтен келген салт эле. Көчмөн калкка оокат-ашын салууга куржун колдонушкан. Аяк кап деп коёт, ага идиш салчу. Аны боз үйгө илип коёт. Чабан куржун деп коёт, ага чабандын жеке буюмдары, 10 күндүк күлазыгы салынат. Күйөө куржун деп коёт, ага кыздын боёктору, атырлары, күзгүлөрү салынып, барган жеринде кайын сиңдилерине таратып берет.
Кудагый куржун деп коёт, анын ичине 9 кийим мата, 9 жоолук салынат. Бул кудагыйларына белектерди алып барган. Эт куржун деп коёт, бир көзүнө бир койдун эти батат дагы, экинчи тарабына нан, таттуулар салынат.
Илгери өрмөк согуп, жип кылып, жасачуубуз. Ал колго жасалып кымбат болчу. Азыр материал даяр болгон үчүн 600 сомдон 1000 сомго чейин сатылып жатат. Азыр куржун менен конокко каттагандар көбөйдү. Себетке караганда бул оокат көп убакыт кызмат кылат», - деди ал.
Рысбүбү апа 4 кыз, 1 уулдун энеси.