Turmush — Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин музыка мугалими Максатбек Молдогазиев өткөн жылкы окуу жылында чоң ийгиликтерди багындырды. Аймактык кабарча мугалимден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 34 жылдык өмүрүн агартуучулукка арнаган. «Жылдын мыкты мугалими 2025» сынагынын шаардык жана облустук этаптарында баш байгени жеңип алып, республикалык деңгээлде Нарын облусунун намысын коргоду. Быйыл дагы күжүрмөндүк менен окуучуларын сынактарга даярдап жатат.
Республикалык сынактын алдында өлкөнүн мыкты мугалимдери менен биргеликте Москва шаарында өткөн эл аралык форумга катышып келди.
«Бул сапар биз үчүн абдан маанилүү болду. 1 жума тажрыйба алмашып, тарыхый аудиторияларда, атүгүл кезинде Ленин билим алган залда сабактарды өттүк. Заманбап усулдарды үйрөнүп, чоң мотивация менен кайттык. Эң негизгиси, барып-келишибиз толугу менен каржыланып, жогорку деңгээлде уюштурулду», - деди
Республикалык сынакта 120 талапкердин ичинен Агартуу министрлигинин ардак грамотасы жана «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланды.
Музыка - жан дүйнөнүн дарысы
Максатбек Молдогазиев мектепте негизги сабактан сырткары хор жана вокал ийримдерин жетектейт. Анын негизги максаты балдарга ыр үйрөтүү гана эмес, алардын ички дүйнөсүн байытуу.
«Кээ бир окуучуларыбыз психологиялык стрессте жүрүшөт. Биз музыка аркылуу аларды ошол абалдан чыгарып, жашоого болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылабыз. Сахна маданиятын, сценарий жазууну жана алып баруучулукту үйрөтөбүз. Жанар Атабекова сыяктуу таланттуу окуучуларыбыздын ийгилиги - биздин сыймыгыбыз», - деп кошумчалады ал.
34 жылдык стажы бар мугалим мектепти өз үйүндөй көрөт. Окуучуларынын ар бир ийгилигине кубанып, алар менен бирге жашайт. Ал эми жумуштан кийин аны мээримдүү үй-бүлөсү жубайы, 1 уулу, 2 кызы жана неберелери күтүп алат.