Turmush —
Кечээ, 4- апрелде Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында аянты 27 гектар ат майданынын ачылыш аземи өтүп, улуттук ат оюндары уюштурулду. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
«Жалпы аянты 27 гектарды түзгөн жеке менчик ат майданы өткөн 2025-жылы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөн. Кечээ, 4-апрелде аким Илияз Ташбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев жана тиешелүү жетекчилер менен биргеликте ат майдандын абалы менен жеринде таанышты. Ал ат майдандын инфратүзүмүн мындан ары да жакшыртуу жана реконструкциялоо зарылчылыгын белгиледи.
Ошондой эле ат майданын ачылыш аземине арналган тай, кунан, аламан чабыш улуттук ат оюндарына катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ат оюндарынын жеңүүчүлөрүнө кубок жана сыйлыктар тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.
Ат оюндары Нарзан айыл өкмөтү жана «Аргымак» федерациясы тарабынан уюштурулган.