Turmush — Манас шаарындагы ишканадан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, шаардын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан брусчатка чыгаруучу цехтен өрт чыгып жалпы 120 чарчы метр чатыры, 1 ток меши, 2 мешалка, 1 станок, 26 стропила, 300 метр рейка, 60 шифер, күйгөн. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.