Turmush — Бишкек—Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, окуя 14-апрелге караган түнү Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында орун алган.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт чыккан учурда айдоочу унаанын ичинде болгон эмес. Учурда унаанын ээси табыла элек.