Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун окуучулары «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу республикалык кароо-сынактын облустук турунда алдыңкы орундарды алышты.
Вокал, бий, музыкалык аспап менен ойноо боюнча 1-орунду 2 окуучу, 3-орунду 5 окуучу алды. Жалпы 7 окуучу байгелүү орунга ээ болду.
Алар:
- 1-орун — Миң-Куштан барган Жусуп Сары уулу мектебинин окуучусу Жазгүл Асанбаева;
- 1-орун — Куйручук айылындагы Аблас Сулайманов мектебинин окуучусу Диана Сатарбекова;
- 3-орун — Куйручук айылындагы Аблас Сулайманов мектебинин окуучусу Медина Алмазбекова;
- 3-орун — Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акыев мектебинин окуучусу Дилноз Баяманова;
- 3-орун — Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев мектебинин окуучусу Нурэл Токтосунов;
- 3-орун — Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан мектебинин окуучусу Фатима Жетимишова;
- 3-орун — Көк-Ой айылынан Турусбек уулу Султан мектебинин окуучусу Нуржигит Асанбеков.
Окуучуларды райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги куттуктады.