Turmush — Ош облусунун Өзгөн шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүү болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөн шаарынын вице-мэри Мирзозид Маматкасимов билдирди.
Эльдина Назарматова Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Бүгүн, 16-апрелде жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды. Ал буга чейин мэрияда социалдык иштер боюнча башкы адис болуп эмгектенип келген.
Ал эми буга чейин аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген Болот Шерматов «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасын буга чейин Темиржан Козуев жетектеп келген. Эми ал Н.Азнабакиев паркын жетектей турган болду.
Н.Азнабакиев паркынын жетекчиси Хайрулло Курбанов өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.