Turmush — Нарын облусунда туулуп-өскөн Нурбек Жолдошбеков учурда Бишкек шаарында жашап, кыргыз тайгандарын багып, мелдештерге катышып келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Каарманыбыз бала кезинен бери табиятка, жаныбарларга жакын өскөнүн айтат.
«Мен 1982-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулгам. Бала кезимде эле күчүктөрдү көп бактым. Кийин алабай, дратхаам, ягдтерьер породасандагы иттерди дагы багып жүрдүм. Андан кийин мергенчиликке кызыгып, мергенчи байкелер менен талаа-түскө чыктым. Тоого чыгып, аӊ ууладык. Ошондо Марлен деген мергенчи байкенин тайганы бар болчу. Аны көрүп, кызыга баштадым. Анан ал "сен ар кайсы улуттун иттерин бакпай, өзүбүздүн кыргыз тайганды бакпайсыӊбы" деп айтып калды. Ошондон менде кыргыз тайганын багууга кызыгуум күч алды. Ошентип 6-7 жылдан бери кыргыз тайгандарын багып келем», - деди ал.
Нурбек Жолдошбековдун учурда 3 кыргыз тайганы бар. Ал тайгандары менен ар кыл мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алып жүрүшөт.
«Учурда менде 3 тайган бар. Алар: Ороктой (эркек), Улар (ургаачы) жана жаӊы эле сатып келинген Лаачын каймана аттуу тайгандар. Ороктой тайганым 2022-жылы Байтик баатырдын 200 жылдыгында чырга боюнча 2-орунду алган. Улар тайганым дагы күлүк. Көптөгөн мелдештерге барып, алдыңкы орундарды алып жүрөт. Казакстанда өткөн 3-4 мелдешке барып катыштык. Акыркы жолу, күз айында Казакстанда мелдеш өтүп, барганбыз. Анда тайгандар эликтерге мергенчиликке чыккан. Ошондо мелдешке катышкан 65 тайгандын ичинен финалга чыгып, финалда 5-орунду алганбыз. Байгесине бир тай беришкен. Көчмөндөр оюндарына тандоо болгондо 3-орунду алдык. Нооруз майрамында Ош облусуна барып, мелдешке катыштык.
Мергенчиликте абдан көп кызыктуу окуялар болот. Кээде тайгандар жолунан чыккан жаныбарды кууп кетип, таптырбай, карааны көрүнбөй, ошол жерде 2-3 сааттап күткөн учурлар болот. Тайган ошол жерге же таап келет, же жоголуп кетет. Кызыгы, күтүп отуруп, башка эле бирөөнүн тайганын таап алган окуя да болгон. Негизи шаарда тайган багуу бир аз оор. Эгер айылда жашаганыбызда, биздин тайгандар мындан дагы жакшы көрсөткүчкө жетишмек деп ойлойм. Кээ бирлер "муну эмнеси кызык?" деп сурап калышат. Мунун да өзүнүн азарты, кызыгы бар. Табиятта акылдуу тайган ээрчитип, мергенчилик кылсаӊ, рахаты башкача. Экинчиден, бул биздин улуттук үй жаныбарыбыз. Аны сактап, көбөйтүп, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин милдет», - деди ал.
Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ал суу жана жылытуу тармагында эмгектенет.