Turmush — 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 13 миң 900 метрди түзгөн мыйзамсыз синтетикалык торлор алынды.
Мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалган жарандардан кошумча 3 миң метр тор конфискацияланып, 300 даана балык Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры менен 31 даана кытайлык синтетикалык торду тапшырышкан.
Отчеттук мезгил ичинде экологиялык багыттагы кылмыштар жана укук бузуулар боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде 4 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жалпысынан 16 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, сот органдарына жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, аныкталган экологиялык кылмыштар боюнча жалпы суммасы 572 миң 86 сом өлчөмүндө өндүрүү боюнча доолор коюлган.
Аталган иштердин алкагында мурдагы браконьерлер тарабынан салынган синтетикалык торлорду чыгарып жок кылуу, ошондой эле көл жээгине толкун менен чыгып калган эски торлорду жана таштандыларды тазалоо иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Мындай чаралар көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери мыйзамдуу балык уулоочулардын уруксат берүүчү документтерин текшерип, калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Негизги иш-чаралардын бири — рейддик текшерүүлөр. Бул текшерүүлөр күндүз гана эмес, түнкү убактарда да өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери моторлуу кайыктарды жана түнкү көрүүчү тепловизорлор менен жабдылган дрондорду колдонуп, мыйзамсыз балык уулоочуларды аныктап, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп жатышат.