Turmush — Канатбек Ишенбек уулу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна дайындалды.
Маалым болгондой, ал кызматка Эмгек кодексинин 20-беренесине ылайык, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги 221 токтому менен бекитилген Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен дайындалган.
Ишенбек уулу Канатбек 1995-жылдын 23-январында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган.
Билими:
- 2002-2013-жылдары Ак-Моюн айылындагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектепти аяктаган;
- 2013-2018-жылдары Бишкек шаарындагы Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде (МУИТ) окуп, архитектура чөйрөсүндөгү дизайн адистиги боюнча бакалавр академиялык даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
- 2018–2019-жылдары — «Нак-Строй» курулуш компаниясында архитектор;
- 2020-жылдан тартып — Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында архитектор;
- 2021-жылдын 24-майы — аталган мекемеде АПШ боюнча башкы адис;
- 2022-жылдын 14-сентябрынан жаңы кызматка дайындалганга чейин — өндүрүштүк бөлүмдүн башчысы.
Сыйлыктары:
- Шаар куруу жана архитектура департаментинин Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ардак грамотасы;
- Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты;
- Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты.