Turmush — Ошто тергөө кызматкерлеринин күнү белгиленди.Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 63 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кызмат өтөп жаткан тергөөчүлөргө өзгөчө урмат-сый көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков тергөө кызматынын мыкты кызматкерлерин Ички иштер министрлигинин жана Ош ШИИБдин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана эстелик саатттар менен сыйлады.
1963-жылдын 6-апрелинде Жогорку Советтин президиумунун жарлыгы менен алдын ала тергөө өндүрүшүн жүргүзүү укугу коомдук тартипти сактоо органдарына өткөрүлүп берилген. Ал эми 1963-жылдын 25-майындагы Кыргыз Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо органдарына, тактап айтканда милицияга, кылмыш иштери боюнча алдын ала тергөө жүргүзүү укугу расмий түрдө бекитилген.
Бул дата тергөө кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары жыл сайын белгиленип келет.