Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын борбордук көчөсүнө туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, көчөттөр «Жашыл мурас» улуттук долбоорунун алкагында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүнүн боюна тигилди. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн районунун акими Каныбек Абпасов жана Өзгөн шаарынын мэри Нурлан Саипбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия кызматкерлери жана муниципалдык ишканалардын жамааттары катышты.
Көчөлөрдү иретке келтирүү, жашыл аймактарды кеңейтүү, бак-дарак жана гүл көчөттөрүн отургузуу иштери жүргүзүлдү. Айрыкча борбордук көчөлөргө, коомдук жайларга жана эс алуу аймактарына өзгөчө көңүл бурулду.
«Мындай иш-чаралар шаарды көрктөндүрүү менен катар тургундардын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган маанилүү демилге болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.