Turmush — Кадамжай районунун жалпы дарыгердик практикалык борборуна караштуу Кыргыз-Кыштак бөлүмү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Маалым болгондой, оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 14 млн сом акча каралган. Аталган оорукана 10 орундуу болуп, жалпысынан аймактагы 20 миңдей адамды тейлейт.
Төрөт бөлүмү жылына 100гө жакын айымдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.