Turmush — Кечээ, 13-апрелде Манас шаардык кеңешинин сессиясы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында «Жалал-Абад» курортуна кетүүчү жол жээгинде орнотулган гүл коюлуучу тосмолордун алынуусу боюнча маселе көтөрүлдү.
Шаар депутаты Автандил Дүйшеев тосмолордо алуудан мурун калкка маалымат берүү болбогонун, мындан улам соцтармакта ар кандай ой-пикир жаралганын айтып, шаар мэриясынын маалымат борборунун ишин да сынга алды.
«Маалымат элге жетпей жатат. Тосмолорду кыркуудан мурда элге маалыматты чыгарып коюшунар керек эле. Айтсак душман көрбөгүлө», - деди ал.
Калаа башчысы Абдупата Маткаликовдун айтымында, мэрияга караган жалпы 214 гектар мисте токой аянтын «Кара-Алма» токой чарбасына көп жылдык мөөнөткө өткөрүп берип жатышат. Курорт тарапка кеткен жол жээгин кооздоо боюнча чоң долбоор иштелип жатат. Мэрия гүл тосмонун ордуна кооз дарак тигүүнү пландап жатканын, башка долбоор башталгандыгына байланыштуу өздөрүнүн демилгесин токтотушканын айтты.
«Мисте токой каптаган аянтка мал-жандык басат экен. Анан ар ким гүлдөрдү уурдап кетишет экен. Максаттуу иш жасалган эмес. Кемчонтойдун эле иши болгон да. Жер менен гүл челек коюлган жерде контак болбогондуктан, гүлдөрдү канчалык суугарган менен нымдуулук жок ал жерде. Гүлдөрдү карайбыз деп миллион сомдой акча кетип калат экен. Ал каражатты бала бакчаларга иштетсек максаттуурак болот. Жергиликтүү бийликтин акчасы жөн эле шамалга учуп жатат. Тосмолорду орнотууну мен туура эмес көрдүм. Эми жол жээги боюнча ишти токой чарба кылат. Аябай жакшы долбоор болот экен», - деди ал.
Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын директору Исмаил Абдрасуловдун айтымында, курортко кетчү жол жээгиндеги темир тсмолорду орнотуу үчүн жалпы 2,5 миллион сом каражат жумшалган. 2500 даана гүл челек орнотулат. Жылына гүлдөргө суу куюу үчүн күйүүчү майдын өзүнө эле 500 миң сомдон ашуун акча кетип жатат. Ал эми тосмолор калаага кире бергендеги арка тарапка коюлат.
«Гүл челектер даяр, койгула десеңер бүгүн жайгаштырып коебуз», - деди ал.
Шаар депутаттары андагы мекеме жетекчисин 2-3 жылдан бери иштеп жатканын, сөз болуп жаткан жайдагы гүл челектердин чыгымдары боюнча буга чейин маселе көтөрүлбөгөнүн айтышты. Талкуудан улам жаңы долбоор башталганга чейин гүл челектерди мурункудай абалда кармап туруу талабы коюлду.
Гүлдөр жылына 2 жолу алмашылат жана кеч күздө гүл челектер алынат.
Депутаттар Манас шаарында быйыл көрктөндүрүү жумушун да начар деп баалашты. Калаадагы маанай жараткан гүлдөр эгилбегенин белгилешти.
«Жок дегенге сары гүл болсо да эгип койгулачы» деген депутаттар Ош шаарындагы гүлдөр менен салыштырышты.
Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын директору Исмаил Абдрасулов Ош шаарында бюджет жогору экенин, алар гүл уруктангүл өндүрүп күнөскана аркылуу даярдап жатышканын айтты.
Аталган чарбадан алынган маалыматка караганда, быйыл 294 миң даана гүл уругунан гүл даярдалды. Ошондой эле 10 миң даанай роза гүл тигилди.